Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-июну №1
Тогуз-Торо районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасынын Көк-Ирим айылдык аймагына ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо курулмасынын курулушуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде, “Тогуз-Торо районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э. Мамытбековдун жүргүзүп жаткан иштеринин маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Ирим айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Ирим айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну тазалоо максатында курулуучу жаӊы долбоор үчүн Европа өнүктүрүү банкынан “Тогуз-Торо районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги” муниципалдык биргелешкен ишканасы Арал айылына 35 116 380 сом, Бирдик айылына 19 225 014 сом, жалпы – 54 341 394 сом же бүгүнкү күндөгү курс боюнча Арал айылына 503,100АКШ доллары, Бирдик айылына 275 миӊ 430АКШ доллары, жалпы 778,530 АКШ доллары анын ичинен 71% акча каражаты кайтарымсыз грант түрүндө, 29% узак мөөнөттүү он беш жылга жеӊилдетилген шарттары менен насыя алууга макулдук берилсин.
2. Насыя алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн“Тогуз-Торо районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги”муниципалдык биргелешкен ишканасынын жана Европа өнүктүрүү банкынын ортосунда субкредиттик келишимдердитүзүүгө макулдук берилсин.
3. Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке: Көк-Ирим айыл аймагынын Арал, Бирдик айылдарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды сууну тазалоо максатында жаӊыдан куруу долбоорунун алкагында бөлүнүп берилүүчү акча каражатын максаттуу пайдаланышына көз жүргүзүү, суралган иш кагаздарын өз мөөнөтүндө даярдап берүү жана көмөктөшүү жагы милдеттендирилсин.
4. “Тогуз-Торо районунун ичүүчү суу менен камсыздоо жана агындылоо Агенттиги”муниципалдык биргелешкен ишканасынын жетекчиси Э. Мамытбековко айыл калкын таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында Европалык өнүктүрүү жана Реконструкциялоо банкы менен тыгыз байланышта иштеп, алар тарабынан каржылануучу долбоорлорду толук турмушка ашыруу жагы жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрөга |
С. Топоев |