Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезексиз ХХXI сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №2
Сары-Талаанын чөбүн Көк-Ирим айыл аймагынын тургундарына гана сатуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сары-Талаанын чөбүн өз убагында коромжусуз жыйнап алуу жана Арал, Бирдик айылдарынын тургундарынын кышка карата тоют топтоосуна жардам берүү үчүн Сары-Талаанын чөбүн Көк-Ирим айыл аймагынын тургундарына гана сатуу жагы “МТС-Көк-Ирим” муниципалдык ишканасынын директору У. Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.
2. Сары-Талаанын чөбү (пресси) 110 сомдон сатылсын жана акча каражатынын киреше чыгашасы “МТС-Көк-Ирим” муниципалдык ишканасынын бухгалтери Э. Курманалиевке жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке жана Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрөга | С. Топоев |