Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезексиз ХХX сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №4
Арал айылынын тургуну, айылдык кеӊештин IV чакырылышынын депутаты Жумабаев Калманбетти «Ардактуу атуул» наамына көрсөтүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Ирим айыл аймагынын социалдык–экономикалык өсүп-өнүгүшүнө кошкон көрүнүктүү салымы, үзүрлүү эмгеги үчүн Көк-Ирим айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Жумабаев Калманбет “Ардактуу атуул” наамына көрсөтүлсүн.
2. Райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы сыйлыкка көрсөтүү комиссиясына “Ардактуу атуул” наамын Жумабаев Калманбетке ыйгаруу үчүн сунуш берүү жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Эпеевке жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Н.Борончиевке тапшырылсын.
Төрөга | С. Топоев |