Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезексиз ХХX сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №5
Көк-Ирим айыл аймагынын Жайыт комитетинин 6 айлык отчетун угуу жѳнʏндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 6 айлык отчету кабыл алынсын.
2. Бул токтомду Көк-Ирим сайтына жарыялоо жагы жооптуу катчы Н. Нарматовага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрөга | С. Топоев |