Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезексиз ХХX сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №8
Кабак жайлоосуна убактылуу салынган жолду жайытка пайдаланууга калтыруу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Түндүк-Түштүк альтернативдик автоунаа жолунун курулушуна курулуш материалдарын жеткирүү үчүн Дүпкүр участкасынан баштап Карагандуу-Колот участкасына чейинки аралыкка “Чайна Роуд” компаниясы тарабынан салынган жол Көк-Ирим айыл аймагынын тургундарына жайытка пайдалануу үчүн калтырылсын.
2. Жол жасалган жерди кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлбөстөн пайдалануу мөөнөтү бүткөндөн кийин Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт комитетине өткөрүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине, “Чайна Роуд” компаниясына сунуш кылынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К. Эпеевке тапшырылсын.
Төрөга | С. Топоев |