КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VI чакырылышы) кезектеги 25-сессиясы
2019-жылдын 3-сентябры № 25/101
Кызыл–Кыя шаарында курулуп жаткан «Ыйман» комплексинин курулушунун жүрүшү жана аны пайдаланууга берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна жана «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2002–жылдын 15–мартындагы №37 Мыйзамынын 19–беренесине негиз, шаардык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан берилген сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаарында курулуп жаткан «Ыйман» комплексинин курулушунун жүрүшү жана аны пайдаланууга берүү жөнүндө шаардын 1–вице–мэри А.Гапаровдун жана вице–мэри А.Маткалыковдун маалыматтары эске алынсын.
2. Кызыл–Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевге тапшырылсын:
§ Кызыл–Кыя шаарындагы «Ыйман» комплексинин курулушу аяктагандан кийин мамлекеттик кабыл алуу жана пайдаланууга берүү боюнча иштерди шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн толук катышуусу менен жүргүзүү жагы;
§ Кызыл–Кыя шаарындагы «Ыйман» комплексинин социалдык объектилерин конкурс аркылуу пайдаланууга берүү боюнча комиссиянын курамына шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн толук катышуусун камсыз кылуу жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У. Дарипова
|