Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IV шайланган депутаттарынын кезексиз ХХX сессиясы
2019-жылдын 10-июлу №9
Көк-Ирим айыл аймагында таштандыларды чыгаруу үчүн мусоровоз жана көчөлөрдү тазалоо үчүн грейдер техникасын алуу жѳнʏндѳ
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кенешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагында таштанды чыгаруучу полигон жок болгондугуна жана муниципалдык тазалык ишкана ачууга каражат жетишсиздигине байланыштуу Каргалык, Тогуз-Торо, Атай, Сары-Булуӊ муниципалиттер аралык кызматташуу аркылуу айылдын таштандыларын чыгаруу жана айыл көчөлөрүн грейдер менен тазалоо үчүн эл аралык уюмдар менен долбоор жазуу жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. М. Эпеевке тапшырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы Көк-Ирим айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрөга | С. Топоев |