Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 22
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис А. Джумалиеванын, Туз айылынын Т. Осмонов атындагы көчөсүнүн №39/2 үйүнүн тургуну 1956-жылы туулган Аджигулова Замиранын азыркы учурдагы дарылануусуна байланыштуу, материалдык жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл аймагынын жетекчиси А.Мусакожаевга:
жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5000 (беш миң) сом өлчөмүндөгү каражаты материалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Мусаходжаев |