Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 1
Стратегияны бекитүү жонүндө
Микродолбоорду даярдоо, ишке ашыруу жана материалдык-техникалык негиздерди жакшыртуу максатында, “Айылдык калкты колдоо долбоору-3” программасынын алкагында “Туз айыл аймагынын 2023-жылына чейин социалдык коммуналдык түркүгүнүн өнүгүүсүнүн инвестициялык планы жана стратегиясы жөнүндө” социалдык жактан жетектөөчү адис А. Джумалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап
Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Туз айыл аймагынын 2023-жылына чейин социалдык коммуналдык түркүгүнүн өнүгүүсүнүн инвестициялык планы жана стратегиясы бекитилсин.
2. “Дайырбек айылынын жолун асфальтташтыруу” микродолбооруна 3,75 проценттик үлүштүк катышуусу үчүн жергиликтүү бюджетинен 225 000 (эки жүз жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
3. “Ашыраалы Айталиев атындагы Туз орто мектебинин курчап тосуу” микродолбооруна 3,75 проценттик үлүштүк катышуусу үчүн жергиликтүү бюджетинен 52 500 (элүү эки миң беш жүз) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө каржы боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы Н. Койчукеевке жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Мусаходжаев |