Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 2
Комиссия түзүү жөнүндө
Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укуктарды жаратуунун жеке жана юридикалык жактарга берүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралу” токтомунун, “Экономика жана коопсуздук” иш-чаралар мерчеминин 104-пунктун аткаруу негизинде
Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Томөнкү курамында комиссия түзүлсүн:
Сагынбаев Т.Т.– Туз айылдык Кеңешинин депутаты, төрага
Омурова Р.Т. – жоопту катчы, катчы
Комиссиянын мүчөлөрү:
Дикамбаев Т.М. –Ысык-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын өкүлү
Будаков Э.К. – Туз айылдык Кеңешинин депутаты
Мырсалиев М.Т. – Туз айылдык Кеңешинин депутаты
Ельболдоева Г.М. –Ысык-Ата райондук жерди пландаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү
Исмаилова Ч.Ч. –Туз айыл өкмөтүнүн башкы адиси
Аджигулов Б.Т. – айыл башчы
Тынаева М.А. –Аксакалдар сотунун төрайымы
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу жер комиссиясына жуктөлсүн .
Төрага | Ж. Мусаходжаев |