Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-январы № 3
«Ысык-Ата районунун Туз айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетин бекитүү, 2019-2020-жылдарга болжолу жана 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102 беренесине ылайык, жетектөөчү адис С. Будакованын “”2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн аткарылышы, 2020-2021-жылдарга бюджеттин прогнозу жана 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп
Туз айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Киреше жана чыгаша боюнча 8971,4 мин сомду түзгөн 2018-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету бекитилсин.
2. 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүмү боюнча 8907,8 мин сомду тузгөн бюджет бекитилсин, анын ичинен камдык фондуна 89,0 мин сом. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүмү киреше булактары менен толукталат.
3. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-октябырындагы №08-1-2/11574 “Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексин күчүнө кирүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде Ысык-Ата районунун райондук бюджетинин салык агенттери тарабынан кирешеге жараша пландык түшүүлөрдүн нормативи – 100%, жер казынасын колдонуу үчүн салык – 50%, административдик штраф – 100%, милдеттүү жана өз ыктыяры менен төлөнгөн патент – 100%, сатуудан алынган салык – 50%.
4. Жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгашанын негизги мүнөздөгүчтөрдүн 2020-жылга прогнозу 8565,9 мин сомго, 2021-жылга – 8822,8 миң сомго макулдашылсын.
5. 2019-жылдын райондук бюджетинин чыгышаларынын каржылоосу чындыгында түшкөн кирешелердин чегинде аныкталат, ошол эле учурда биринчи ирет коопсуз беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүүлөр, тамактануу). Укуктук ченемдик актылардын, штаттык санындагы бош орундарга ылайык чыгышанын коопсуз беренелер кыскартылышы мүмкүн.
6. 2019-жылдын 1-январына Туз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кассалык накталай каражаты 40,0 миң сомго аныкталсын.
7. Туз айыл аймагынын башчысына 2019-жылдын эркин калдыктардын эсебинен бекитилген бюджеттин беренелерине өзгөртүүлөр жана аныктоолорду киргизүүгө укугу берилет.
8. Каржы бөлүмүнүн башчысы жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын процессинде киреше бөлүмүнүн ашыгы менен аткаруу мезгилинде, ошол каражаттарды Кыргыз Республикасынын Президентинин социалдык суроолор боюнча улуттук жана мамлекеттик программалардын коюлган маселелерин, Кыргыз Республикасынын токтомдорун, райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, муниципалдык кызматкерлерин сыйлоо үчүн, коммуналдык кызматка болгон карыздарын жабуу, өзгөчө кырдаалдарды жоюууга жана башка сатып алуулар жана чыгышалар үчүн колдонулсун.
9. Кыргыз Республикасынын каржы министирлигинин Ысык-Ата району боюнча башкармалыгына 2019-жылга чыгашалар сметасы берилсин.
10.Бул токтомдун аткарылышы Туз айылдык Кенешинин каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Мусаходжаев |