Загрузка документа…
ТУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-февралы № 6
Акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адис А. Джумалиеванын Дайырбек айылынын Дайырбек көчөсүнүн №6 үйүнүн тургуну 1967-жылы туулган Стамов Телегондун операциядан кийинки даарылануусуна карата, материалдык жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап
Туз айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айыл аймагынын жетекчиси А.Мусакожаевга: жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 (он миң) сом өлчөмүндөгү каражаты материалдык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Мусаходжаев |