Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-августу №1
Жеке менчик мончону Ноокен айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алуу жөнүндө
Ноокен айыл өкмөтүнүн Сары-Сыя айылынын тургундарынын арызынын негизинде, Ноокен айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын XV-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айыл өкмөтүнүн бюджетине Республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каржаты, Сары-Сыя айлындагы жеке менчик мончону сатып алууга максаттуу жумшалсын.
2. Ноокен районунун Ноокен айыл өкмөтүнүнбалансына өткөзүпалуу жагы финансы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы Ноокен айылдык кеңешинин финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Султанмуратовко жүктөлсүн
Төрага |
Н.Муратов |