Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
18- сессиясы
2019 жылдын 25-февралы №18/1
« Альп Строй Групп» ЖЧКна кичи ГЭС курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык,
Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезексиз 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Альп Строй Групп” жоопкерчилиги чектелген коомуна Кара-Бүргөн айыл аймагындагы “ Ала-Буга” дарыясынын агымынын оң жак жээгинде жайгашкан жалпы 54 (элүү төрт) га жер аянты анын ичинен Водозабор БСР -1 жалпы аянты 18,5 га 575, 576, 583, 577, 579, 578, 580, 581, 583, 584, 596, 595, 597 контурларында жайгакан, трубопровод-1 жалпы аянты 8.0га 434,435,433,432,442,426,443,402,
266,267,274,257,238,239,231 контурларында жайгашкан, ГЭС-1тин имаратты жалпы аянты 0,50 га 231 контурунда жайгашкан жана Водозабор БСР-2 жалпы 18.5га 225,226,207,206,188,189,190,191 контурларында жайгашкан трубопровод-2 жалпы аянты 8,0га 206,205,131,132,118,115,106,80,82,81 ,64,63, 61,50,51,45,41, 40,30,33,25 контулранда жайгашкан, ГЭС-2нин имаратты жалпы аянты 0,50га 25 контурунда жайгашкан 49(кырк тогуз) жылдык мөөнөткө ижарага кичи ГЭС куруу максатында бөлүнүп берилсин. Кичи ГЭС куруу долбоору 3(үч) жылдык мөөнөттө ишке ашырылсын.
2. “ Альп Строй Групп” жоопкерчилиги чектелген коому сунуштаган Кара-Бүргөн айыл аймагына төмөндөгудөй жардамдар камсыз кылынсын;
Кара-Бургөн айыл аймагында орто бизнести өнүктүрүү
Жумуш ордун түзүү
Кара-Бүргөн айыл аймагынын электр энергиясына кеткен каражатынын 100% каржылап берүү ( бала бакча, мектеп, ФАП көчө жарыктары,ж.б соц. объектилер)
Кара-Бургөн айыл аймагынын инфраструктурасына көмөк көрсөтүү ( жол,көпурө ондоосуна)
3. Жогоруда көрсөтүлгөн жардамдарды камсыз кылуу максатында “ Альп Строй Групп” ЖЧКсы менен кара-Бургөн айыл өкмөтүнун ортосунда тиешелүү келишим түзүлсүн.
4. Көрсөтүлгөн жер аянтына тиешелүү токтом чыгарып берүү жагы Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
5. Кичи ГЭС куруу мөөнөтүндө куруу ишканасы Кара-Бүргөн айыл аймагына салык кызматына убактылуу каттоого алынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кара-Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Г.Каналиева |