Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
19- сессиясы
2019 жылдын 25-февралы № 19/1
Кара-Бүргɵн айылынын 2035-жылга чейинки өнүгүү боюнча Башкы планы жөнүндө
Кара-Бүргөн айылынын келечектеги өнүгүүсүнө байланышкан көйгөйлөрдүн маселелердин топтомун чечүү, калктын жашоо-тиричилигине жагымдуу шарттарды түзүп берүү, мамлекетик аймактардыөнүктүрүү программасына ылайык тараптардын шаар куру ишиндеги кызыкчылыктарын мыйзамдардын чегинде коргоо үчүн Кара-Бүргөн айылынын Башкы планына байланышкан жана пландаштырылып жана гармониялуу өнүгүүсү үчүн Нарын областынын Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы Кыргыз малекеттик курулуш, транспорт
жана архитектура университетине караштуу «Технопарк» илимий технологиялык борбору тарбынан иштелип чыккан Кара-Бүргөн айылынын Башкы планынын 2035-жылга чейинки өнүгүү долбоору бекитилсин;
2. Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнө:
- Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы жана аталган райондун кыймылсыз мүлктөрдү каттоо бөлүмү менен биргеликте 2019-жылдын 1-августуна чейин Кара-Бүргөн айылынын Башкы планда каралган жаӊы чектеринин долбоорун Кара-Бүргөн айыл өкмөтү Кыргызгипрозем институту аркылуу долбоорун иштеп чыгып, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясына кароого киргизилсин;
-Кара-Бүргөн айылынын мамлекеттик шаар куру кадастрынын электрондук версиясын иштелип чыксын;
-Кара-Бүргөн айылынын айылынын мамлекеттик шаар куру иштерин жүргүзүүдө бекитилген Башкы пландын негизги чечимдерине ылайык болсун;
3. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө милдети Нарын областынын Ак-Талаа районунун башкы архитектору Р.К. Алдеевге жүктөлсүн.
Төрага | Г.Каналиева |