Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI шайланган депутаттарынын кезексиз XХIII- сессиясы
2019-жылдын 26-апрели №24-4
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча эсебинен, айыл аймакта жаңы курулуп жаткан комплекске откана куруу үчүн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдан калган калдык акча каражатынын 2019-жылга иштетүү боюнча А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин «экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган, Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 51-беренесинин 3-пунктуна ылайык А.Мирмахмудов айылдык кеңеши кезектеги сессиясында угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактарды өнүктүрүү максатында А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу болгон Барын айылында жаңы курулуп жаткан социалдык объектилерди айлана чөйрөсүн тегиздеп, жаңы тосмолор орнотууга, жаны откана курууга, жаңы сегиз бөлмөлүү ажаткана курууга жана эски спорт залды ремонтоо иштерине жергиликтүү бюджеттин 2018-жылдан калган калдыгын эсебинен 3 907 800 сом акча каражаты экономикалык суроолор бөлүмүнө ажыратылып берилсин.
2. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын А.Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго жүктөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин бюджет, экономика айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Исмоилов |