Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI шайланган депутаттарынын кезексиз XХV- сессиясы
2019-жылдын 26-июну №25-1
А.Мирмахмудов айыл аймагынын 2019-жылдын экинчи алты айлыгына карата жергиликтүү бюджетин эсебинен акча бөлүштүрүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу максатында Швейцария Өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат иниституту аткарган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун алкагында Беш –тал участкасындагы «Келечек үмүттөрү» балдар бакчасын инфраструктурасын жакшыртуу максатында (ажаткана жана тамак-аш даярдоочу жай) куруу боюнча «Келечектин балдары» чакан долборун даярдашкан. Долбордук сунуш донордук уюм тарабынан жактырылып айыл өмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты берилген. Жогорудагы 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатынан калга 32 800 (отуз эки мин сегиз жүз) сомун бөлүп берүү туралуу А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Швейцариянын Өнүктүрүү саясаты иниституту тарабынан берилген 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатынан калган 32 800 (отуз эки мин сегиз жүз) сом акча каражатын атайын каражаттар счету эсебинен каржылоого каралсын.
2. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Мирмахмудов айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Исмоилов |