Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI шайланган депутаттарынын кезексиз XХV- сессиясы
2019-жылдын 26-июну №25-2
А.Мирмахмудов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетиндеги акча каражатын жылдыруу жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагындагы Кара-кокту орто метебинин ажатканасы талапка жооп бербей калгандыгына байланыштуу жаны алты орундуу ажаткана курууп жаны окуу жылына тапшыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу максатында А.Мирмахмудов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-кокту орто метебине жаны ажаткан куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин Р-70911 2221-бөлүмүнөн, Р-70921 3111-бөлүмүнө керектелүүчү 335 170 сом акча каражаты которулсун.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатты мыйзам чегинде иштетүү жана жаңы курулуп жаткан алты орундуу ажаткананы жаңы окуу жылына бүткөрүү маселеси А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаровго жана ФЭБнүн башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы А.Мирмахмудов айылдык Кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Исмоилов |