Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы V кезексиз сессиясы
2019-жылдын 16-сентябры № 15
Барскоон айыл аймагындагы айыл тургундарынын мамлекеттик каттоодон өтпөй, картага түшпөй жана идентификациялык код берилбей калган, айыл өкмөтүнүн наамына катталып калган огород участокторун жеке менчик ээлерине мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Барскоон айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын сегизинчи бөлүмүнүн 112-беренесинин 3-пунктунун 4-пунктчасына ылайык Барскоон айыл аймагындагы айыл тургундарынын мамлекеттик каттоодон өтпөй, картага түшпөй жана идентификациялык код берилбей, айыл өкмөтүнүн наамына катталып калган огород участокторун жеке менчик ээлерине мыйзамдаштырып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис И.Айманбаевдин сунушун угуп, талкуулап айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барскоон айыл аймагындагы айыл тургундарынын 2004-жылдагы системалык кайра каттоо учурунда мамлекеттик каттоодон өтпөй, картага түшпөй жана идентификациялык код берилбей, айыл өкмөтүнүн наамына катталып калган огород участокторун жеке менчик ээлерине мыйзамдаштырып берүү жана мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Yсөнбаевге милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Чекиров |