Редакцияот 16.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышындагы V кезексиз сессиясы

2019-жылдын 16-сентябры № 16

Барскоон айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларын тактоо (белгилөө) жумуштарын Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалып жасалган материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө» 03.03.2014-жылындагы Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн №114 токтому менен бекитилген Жобонун негизинде «Кыргызмамжердолбоорлоо  мамлекеттик жерге жайгаштыруу боюнча долборлоо институтунун  Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Барскоон  айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо жана калктуу конуштарынын чек араларын тактоо (белгилөө) жумуштарынын иш кагаздарын карап чыгып,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 13-беренесине ылайык Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Барскоон  айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо иш кагаздары бекитилсин.

2. Барскоон  айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо иш кагаздарын Ысык-Көл жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Барскоон  айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоо иш кагаздарын бекитүү жагы Жети-Өгүз райондук мамлекеттик админстрациясына сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы  Барскоон  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Н.Чекиров