Загрузка документа…
КӨК-МОЙНОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-сентябры № 23
Жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Көк-Мойнок айылдык Кеӊешинин депутаттарынын сөздөрүн угуп жана талкуулап, Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019- жылды « Аймактарды өнүктүрүу жана санариптештирүү жылы деп жарыялоо» жөнүндөгү жарлыгынын негизинде Көк-Мойнок айыл аймагын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу максатында «АСМ ЛтД» жоопкерчилиги чектелген коомунун жел электр станциясын куруу долбоору жактырылсын.
2. Көк-Мойнок айыл аймагынын Көк-Мойнок-1 айылынын Тундук-Чыгыш тарабынан «Кара-Талаа» участкасындагы № 1205,1255, 1256, 1257, 1258, 1260, 1264, 1279 контурларында жайгашкан 950,80 га жер аянтын айыл-чарба багытындагы жерлерден өнөр-жай , транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер категориясына которуу боюнча иш алып баруу жагы Кок-Мойнок айыл өкмөтүнүӊ башчысына милдеттендирилсин.
3. Жел электр станциясын куруу иштерин жүргүзүу үчүӊ жер аянтынын максаттык багытын которуу жагы Тон райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
Төрага | Джодаев А.Б. |