Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2019-жылдын 11-июлу № 8
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Дача участкасындагы 0,17га кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба багытындагы жер тилкесин, өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-матындагы №21, 2017-жылдын 01-июлундагы №95 мыйзамына ылайык, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Дача участкасынан 0,17га жер тилкесин КРнын чек ара кызматына атайын блок пост куруу үчүн трансформациялоо максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Дача участасындагы 0,17га айыл өмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба багытындагы жер тилкеси КРнын Чек ара кызматынын атайын блок пост куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайы, транспорт байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | А.Талиев |