Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2019-жылдын 11-июлу № 9
Ак-Сай айылынын кышкы клубунун имаратын КРнын ӨКМнин өрткө каршы күрөшүү башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандардын турак-жайы жана башка мүлктөрүнүн өрт коопсуздугунан камсыз кылуу, өрт катталган убакытта өз убагында чара көрүүгө шарт түзүп берүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылындагы курлушу толук бүтө элек, иштетилбей жаткан кышкы клубунун имаратын КРнын ӨКМнин өрткө каршы күрөшүү кызматынын Баткен райондук башкармалыгынын балансына өткөрүлүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агро өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | А.Талиев |