Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
2019-жылдын 11-июлу № 10
Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-июнундагы №5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүүгө зарылчылык жоюлгандыктан, Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-июнундагы №5-токтомун жокко чыгаруу максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүүгө зарылчылык жоюлгандыктан, Ак-Сай айылдык кеңешинин 2019-жылдын 22-июнундагы №5-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Талиев |