Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2019-жылдын 22-июлу № 11
Көк-Таш айылынын Ш.Ганы атындагы орто мектебинин эски имаратын Баткен ОИИБнин балансына өткөрүп берүү маселесин кароо жөнүндө
Көк-Таш айылында жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ш.Ганы атындагы орто мектебинин эски имартын жана ага тиешелүү жер тилкесин Баткен ОИИБнин балансына өткөрүп берүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Көк-Таш айылынын Ш.Ганы атындагы орто мектебинин эски имараты жана ага тиешелүү жер тилкеси Баткен ОИИБнин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Көк-Таш айылынын Ш.Ганы атындагы орто мектебинин эски имаратынын жанындагы спорт зал жана футбол талаасы айыл өкмөтүнүн балансында калтырылсын.
3. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | А.Талиев |