Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2019-жылдын 22-июлу № 13
Үч-Дөбө айылына Корея мамлекетииннин “Менин айылым” программасынын алкагында типтүү мончо курууга айыл өкмөтүнүн өздүк салым акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн С.Анаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Дөбө айылына Корея мамлекетинин “Менин айылым” программасынын колдоосу менен типтүү мончо курууга колдоосун эске алып, айыл өкмөтүнүн эсебинен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Үч-Дөбө айылына Корея мамлекетинин “Менин айылым” программасынын алкагында типтүү мончо курууга айыл өкмөтүнүн өздүк салымы үчүн 200,0м. сом акча каржаты 3111-статьясынан бөлүнүп берилсин.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын бөлуп берүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы САнаровко милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Талиев |