Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2019-жылдын 22-июлу № 16
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Мин-Булак айылындагы башталгыч мектебин, Мин-Булак негизги мектеби кылып өзгөртүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Мин-Булак айылындагы элди иш менен камсыз кылуу жана окуучулардын санын эске алуу менен бирге, Мин-Булак башталгыч мектебин, Мин-Булак негизги мектеби кылып өзгөртүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Мин-Булак айылындагы башталгыч мектеби, Мин-Булак негизги мектеби болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Анаровго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар менен иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Талиев |