Редакцияот 17.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

2019-жылдын 17-сентябры №1

Ноокат шаарынын А.Абдуваитов  атындагы орто мектептин алдына асфальт төшөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектептин алдына асфальт төшөө үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Ноокат шаарынын А.Абдуваитов атындагы орто мектептин алдына асфальт төшөө үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 210 000 (эки жүз он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.Гафаров