Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2019-жылдын 17-сентябры №3
Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов, К.Жакыпов атындагы көчөлөрүнө асфальт сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов, К.Жакыпов атындагы көчөлөрүнө асфальт сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов, К.Жакыпов атындагы көчөлөрүнө асфальт сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 420 000 (төрт жүз жыйырма миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеёешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |