Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2019-жылдын 17-сентябры №4
Ноокат шаарынын Кара-Турпак кварталына караштуу ФАПтын эшик терезесин орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын Бостон кварталына караштуу ФАПтын эшик терезесин орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Ноокат шаарынын Бостон кварталына караштуу ФАПтын эшик терезесин орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 367 163 (үч жүз алтымыш жети миң бир жүз алтымыш үч) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |