Редакцияот 17.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

2019-жылдын 17-сентябры №6

Ноокат шаарындагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өрт өчүргүч сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 Ноокат шаарына караштуу мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өрт өчүргүч сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Ноокат шаарына караштуу мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине өрт өчүргүч сатып алуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 270 000 (эки жүз жетимиш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.Гафаров