Редакцияот 17.09.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

2019-жылдын 17-сентябры №7

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №1 от канасынын тосмолорун кайрадан оңдоп түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №1 от канасынын тосмолорун кайрадан оңдоп түзөө иштери үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Ноокат шаар мэриясынын алдындагы “Ноокат Жылуулук камсыздоо” ишканасынын №1 от канасынын тосмолорун кайрадан оңдоп түзөө иштери үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 210 521 (эки жүз он миң беш жүз жыйырма бир) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 А.Гафаров