Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) он бешинчи сессиясы
2019- жылдын 20-июлу № 15-3
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн таза суу комитетинин жана “Ала-Тоо булагы” долбоору тарабынан аткарылган иштерди кабыл алуу комиссияларынын отчеттору
Күн тартибиндеги “Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн таза суу комитети жана “Ала-Тоо булагы” долбоору тарабынан аткарылган иштерди кабыл алуу боюнча комиссияларынын отчеттору” жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн таза суу комитетинин жана “Ала-Тоо булагы” долбоору тарабынан аткарылган иштерди кабыл алуу комиссияларынын отчеттору канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. “Ала-Тоо булагы” долбоору тарабынан аткарылган иштердин кемчилдиктерин өз убагында жоюу, долбоорду аягына чейин бүткөрүүнү жана сапаттуу түрдө тапшырууну камсыз кылуу жана айылдык кеңешинин кийинки сессиясына комиссиянын отчетун алып чыгуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |