Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) он бешинчи сессиясы
2019- жылдын 20-июлу № 15-4
“Кыргыз-Ата булагы”муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифин бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаары жана Ош областы боюнча бөлүмүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 4/42 буйругуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифи бекитилсин (тиркелет).
2. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы тарабынан эсептелинген ичүүчү суунун тарифинин негизинде иш алып баруу “Кыргыз-Ата булагы” ишканасына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз Ата айылдык кенешинин (алтынчы шайланган) он бешинчи сессиясынын 2019-жылдын 20-июлундагы № 15-4 токтомуна тиркеме
Суу менен камсыз кылуу кызматынын тарифи | |||||||
|
|
|
|
Өлчөө бирдиги |
Суу менен камсыз кылуу кызматынын тарифи | ||
Суу пайдалануучулар | ( 1 м3 сууга) | ||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
Калк | сом |
| 30 |
| |||
Бюджеттик мекемелер | сом |
| 45 |
| |||
Башка пайдалануучулар(комерциялык багытта) | сом |
| 45 |
| |||
Тарифти эсептөө |
|
| 27,71 | 10% | 2,77 | 30 | |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж. Нурматов | |||||||