Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) он бешинчи сессиясы
2019- жылдын 20-июлу № 15-5
“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун, 2019-жылга бюджетин жана жеке турак жай абоненттери менен юридикалык жактарга келишимдин формасы бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун, 2019-жылга бюджетин жана жеке турак жай абоненттери менен юридикалык жактарга келишимдин формасын бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету, 2019-жылга бюджети жана жеке турак жай абоненттери менен юридикалык жактарга келишимдин формасы бекитилсин (тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык Кенешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-июлундагы № 15-5 токтомуна тиркеме
Кыргыз-Ата айылдык аймагынын
«Кыргыз-Ата» муниципалдык ишканасынын директору
ААФ _________________________
_____________ айылынын суу менен камсыз кылуу тармагына карата
капиталдык курулуш объектисине кошуу жөнүндө арыз
__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы, ААФ, паспорттук маалыматтары, жеке жактын – Заказчынын каттоого турган жери)
суу менен камсыз кылуу тармагына карата капиталдык курулуш объектисин кошуу максатында,
____________________________________________________________________________________________________________________________________ дареги боюнча жайгашкан
(объекттин, өзүнчө имараттардын, курулмалардын, объекттин курамындагы бөлмөлөрдүн дареги же жайгашкан жери)
___________________________________________________ укугунун негизинде таандык
_____________________________________________________________________________
(толук: өзүнчө имараттардын, курулмалардын, объекттин курамындагы бөлмөлөрдүн аталышы)
келишимди түзүүнү жана объектти кошуу шарттарын аныктоону өтүнөт
Объекттин мүнөздөмөсү жана багыттталышы: _____________________________________
__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
(объекттин, өзүнчө имараттардын, курулмалардын, объекттин курамындагы имарат-жайлардын кыскача мүнөздөмөсү, багытталышы же анын божомолдуу пайдаланылышы, сууну керектөө режими)
Объекттин кошулган жүгү _________________________________________________
(көрсөткүлө: жаңы же кошумча)
Куруу мөөнөттөрү _______________________________________________
Объектти тапшыруунун (эксплуатацияга берүүнүн) мөөнөттөрү 20______ж. _______кв.
Объектке ичүүчү сууну берүүнүн мөөнөтү 20______ж. _______кв. Объекттин болгон жалпы кошулган жүгү (болгон объекттин, болгон объекттин курамындагы өзүнчө имарат-жайларды кайра конструкциялоо же багытталышын өзгөртүүдө гана толтурулат): ____________________________________________________________________________________________________________Жетекчи (кызматы) ААФ_______________________________________________, М.О. _____________________________________
же
____________________________________ _________________ ___________
(жеке жактын Аты Атасынын аты Фамилиясы) (жеке жактын колу, дата)
Арызга карата тиркемелер:
1. Суу менен камсыз кылуу тармактарына кошула турган капиталдык курулуш объектисине ээлик кылуу укугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрү (курулушка же кайра конструкциялоого жер тилкесин бөлүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими, кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатуу келишимдери ж.б.у.с.) – 2 нуска.
2. - Архитектура менен макулдашылган, 1:2000 масштабда калктуу пункттун аймагына байланыштыруу менен капиталдык курулуш объектисинин жайгашуусунун жагдайлык планы - 2 нуска.
3. - Жер үстүндөгү жана жер алдындагы бардык коммуникацияларды жана курулмаларды, көрсөтүлгөн объекттерди эксплуатациялаган уюмдар менен макулдашууну көрсөтүү менен, 1:500 масштабында жер тилкесинин топографиялык картасы (объектти киргизүү менен) - 2 нуска.
4. - Капиталдык курулуш объектин куруу (кайра конструкциялоо) жүргүзүлүп жаткан жер тилкесинин кадастрдык планы – 2 нуска.
5. - Суу менен камсыз кылуу жана сууну агындылоо тармактарын долбоорлоого тийиштүү уруксаты бар долбоордук уюм менен аныкталган объекттин кошулуучу жүгүнүн көлөмү жана бул долбоордук уюмдун лицензиясынын көчүрмөлөрү – 2 нуска.
6. Алардын бар болушунда суу менен камсыз кылуу жана сууну агындылоо тармактарына объектти кошууга мурда берилген ТШ көчүрмөлөрү – 1 нуска.
7. Арыз берүүчү жөнүндө маалыматтар: почталык дареги, телефон (факс), банк реквизиттери (банктын аталышы, э/эсеп-чот, к/эсеп-чот, БИК). – 1 нуска.
Юридикалык жактар үчүн кошумча документтер:
8. Уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү, ошондой эле арызга кол койгон адамдын ыйгарым укуктарын ырастаган документтер - 2 нуска.
9. Юридикалык жакты (жеке ишкерди) каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү – 2 нуска.
10. Салык органында эсепке алууга юридикалык (жеке) жакты коюу жөнүндө көчүрмөнүн күбөлүгү – 2 нуска.
Жеке адамдар үчүн:
11. Жеке адамдын паспортунун көчүрмөсү - 2 нуска.
Эскертүү: Документтер милдеттүү түрдө Заказчынын мөөрү менен жана ыйгарым укуктуу адамдын колу менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
2-тиркеме. Суу менен камсыз кылуу тармактарына кошууга техникалык шарттардын үлгүсү
СУУ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ ТАРМАКТАРЫНА КОШУУГА
ТЕХНИКАЛЫК ШАРТТАР
____________________________________________________________________________________
(объекттин аталышы)
____________________________________________________________________________________
(объекттин жайгашкан жери)
____________________________________________________________________________________
(уюмдун аталышы, же болбосо жеке адамдын – заказчынын ААФ)
1. Долбоорлонуп жаткан объектти болгон суу менен камсыз кылуу тармактарына кошууга уруксат берилет “Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы.
(суу менен камсыз кылуу тармактарын тескеген уюмдун аталышы)
2. Кошуунун орду ____________________________________________________________
(жайгашкан жери, кудуктун номуру)
____________________________________________________________________________________
3. Кошуунун ордунда суунун басымы _________________________________________________
(минималдуу жана максималдуу)
4. Кошуунун ордунан аралык ________________________________________________
5. Суунун максималдуу чыгымы_____________________________________________________
6. Кошуунун ордунда болгон өткөрмө түтүктүн диаметри жана материалы, түтүктүн үстүн жана кудуктун үстүн белгилөө______________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
7. Көчө магистралдарын өткөрүү учурунда, райондук Архитектура менен макулдашылган диаметр жана трассалар_______________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
8. Жогорулатуучу насостук станциянын түзмөктөрү, кабыл алуучу резервуарды орнотуу жана анын талап кылынган сыйымдуулугу ___________________________________________________
____________________________________________________________________________________
____________________________________________________________________________________
9. Башка шарттар_______________________________________________________________
10. Суу менен курулушту камсыздоо мүмкүнчүлүгүнүн маалыматтар ________________________
____________________________________________________________________________________
11. Ушул техникалык шарттардан четтөөдө долбоор
“Кыргыз-Ата булагы” муниципалдык ишканасы менен макулдашылсын.
(суу менен камсыз кылуу тармактарын тескеген уюмдун аталышы)
Техникалык шарттардын аракетинин мөөнөтү берүү күнүнөн ______ жыл.
Суу менен камсыз кылуунун жагдайлык схемасы тиркелет
Заказчынын жооптуу адамы _______________________________________________________
М.О. (кызматы, уюмдун аталышы, же жеке жактын ААФ)
__________________________________
(колу, аты-жөнү, фамилиясы)
___________________________________
(датасы)
«Кыргыз-Ата булагы»
муниципалдык ишканасынын директору
М.П. (кызматы, уюмдун аталышы) ______________ _____________________________
(колу) (аты-жөнү, фамилиясы)
____________________ (датасы)
Жеке турак жай ээси менен суу менен камсыз кылуу кызматтарына №___ КЕЛИШИМ
Көтөрмө айылы «___»_______________ 2019-ж
Мындан ары «Кыргыз – Ата булагы » деп аталуучу Суу менен камсыз кылуу муниципалдык ишканасынын (мындан ары ИШКАНА), Уставдын негизинде аракеттенген башчы Карабаев Адыл бир жагынан жана __________________________________ дареги боюнча жашаган мындан ары «Абонент» деп аталуучу жаран ____________________________________ бир жагынан ичүүчү сууну берүү жана керектөө тууралуу ушул келишимди түзүштү.
I. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
1.1. Ушул келишимдин предмети болуп ушул келишимдин шарттарына ылайык ИШКАНА кызматтарына өз убагында төлөгөн Абонентти ичүүчү суу менен камсыз кылуу болуп саналат.
II. ТАРАПТАРДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ
2.1. ИШКАНА ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТЕНЕТ:
a) Сууну берүүнүн бекитилген графигине ылайык Абонентти үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылууга.
b) «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенттин талаптарына ылайык ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын камсыздоого.
c) Абонент берген документтердин негизинде же сууну эсепке алуу шаймандарынын көрсөткүчтөрү боюнча суу менен камсыз кылуу кызматтарына жана сууну пайдалануу ченемдерине Айылдык кеңештин депутаттары бекиткен тарифтерге ылайык абоненттик төлөмдү эсептөөнү жана кайра эсептөөнү жүргүзүүгө.
d) Абоненттин арыздары боюнча суу түтүгүнүн борбордук магистралына кесүү чекитине чейин короонун ичинде (үйдүн ичинде) өткөрмө түтүктү акылуу оңдоону жана техникалык тейлөөнү жүргүзүүгө.
e) ИШКАНА Айылдык кеңештин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик мыйзам чыгаруу актыларына ылайык бекитилген Сууну пайдалануу эрежелерине ылайык кызматтарды көрсөтүү сапатына жоопкерчилик тартат.
2.2. ИШКАНА ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ УКУКТУУ:
a) Эгер сууну эсепке алуу прибору жок болсо Абоненттин суу түтүк жабдууларынын болушун, жашоочулардын жана малдын санын, аянттын өлчөмүн салыштырып текшерүүнү жасоого.
b) Карызы бар Абонентти жазуу жүзүндө эскертүүдөн 5 күндөн кийин өз убагында төлөбөй коюушу үчүн сууну өчүрүүгө.
c) Карызды тындыруудан кийин ИШКАНА аткарылган иштин көлөмүнө байланыштууАбонентти өчүрүү жана кошууга чыгашалардын сметасы боюнча өзүнчө акыга Абонентти сууга туташтырат.
d) Экстремалдык кырдаал (табигый кырсыктар ж.б.) менен чакырылган суу менен камсыз кылуу тутумдарынын өчүрүлүшүндө төлөөнү кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.
2.3. АБОНЕНТ ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ МИЛДЕТТЕНЕТ:
a) Айылдык кеңеш бекиткен Сууну пайдалануу эрежелерин, сууну пайдалануунун ченемдерин жана режимдерин катуу сактоого.
b) Эсептик айдан кийинки ______ числодон кеч эмес бир айда 1 жолудан аз эмес суу менен камсыз кылуу кызматтарына төлөөнү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө.
c) Анын түздөн-түз багыты боюнча сууну рационалдуу пайдаланууга.
d) Суу түтүк жабдууларына, а.и. суу өлчөгүчкө мүмкүндүк алууну күбөлүктү көрсөтүүдөн кийин берүүгө. Суу түтүгүн жана суу өлчөгүчтөрүн техникалык оң абалда күтүүгө. Жашоочулардын санынын өзгөрүүсүндө _______ мөөнөттө документтерди көрсөтүү менен ИШКАНАга жазуу жүзүндө билдирүүгө.
e) Менчик ээси алмашкан учурда жаңы Абонент суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишимди түзөт.
f) Суу түтүк тармагына кошулуу сууну эсепке алуу (суу өлчөгүч) приборун Абоненттин эсебинен орнотуу менен ИШКАНА уруксаты жана техникалык шарттарынын негизинде ишке ашырылат.
g) Жеке үй ээликтеринин киргизилүүчү, реконструкциялануучу суу менен камсыз кылуу тутумдарына суу өлчөгүчтү орнотуу.
h) Абонент сууну эсепке алуу шайманында пломбалардын бүтүндүгүнө жана сакталышына жоопкерчилик тартат.
2.4. АБОНЕНТ ТӨМӨНДӨГҮЛӨРГӨ УКУКТУУ:
a) Керектелүүчү сууга эсептин тууралыгын ИШКАНА менен текшерип салыштырууну жүргүзүүгө.
b) Аларды бекитүүдөн кийин 5 күндөн кеч эмес сууну пайдалануу ченемдерин жана суу менен камсыз кылуу тарифтеринин өзгөрүүсү тууралуу маалыматты алууга.
c) Сууну пайдалануу эрежелери менен белгиленген тартипте кызматтарды көрсөтүүдө аныкталган кемчиликтерин ИШКАНАнын четтетишине.
III. СУУНУН ЧЫГЫМЫН ЭСЕПКЕ АЛУУНУН ТАРТИБИ
3.1. Суунун чыгымын эсепке алуу акт боюнча ИШКАНА өкүлү кабыл алган пломбаланган суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүнө ылайык жүргүзүлөт. Пломбаны бузууда, же сууну эсептегичти өз билемдик менен алмаштырууда эсептөө Сууну пайдалануу эрежелеринин бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүлөт.
IV. ИШКАНА МЕНЕН ЭСЕПТЕШҮҮ ТАРТИБИ
4.1. Суу менен камсыз кылуу кызматтарына төлөө ИШКАНА кызматкерлери жеткирген эсеп-чот боюнча ИШКАНА кассасына ишке ашырылат.
4.2. Ушул келишимдин 2.3.b) пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө суу менен камсыз кылуу үчүн көрсөтүлгөн кызматтар үчүн өз убагында эмес төлөөгө Абонентке мөөнөтү өтүп кеткен төлөм суммасынан 0,5% өлчөмүндө ар бир мөөнөтү өтүп кеткен күн үчүн туум эсептелет, бирок карыздын суммасынын 25%нан көп эмес.
4.3. Суу түтүк тармактарын жана жабдууларын, анын ичинде суу өлчөгүчтү техникалык тейлөөнүн наркы, бекитилген калькуляция жана прейскурант боюнча акылуу кызматтар катары жүргүзүлөт.
V. ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ
5.1. Ушул келишимди түзүүдө, аткарууда же бузууда келип чыккан тараптар ортосунда талаштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
5.2. Өз ара алгылыктуу чечимге келбөө учурунда талаш Айыл өкмөтүндө, акыркы чара катарында сот тартибинде чечилиши мүмкүн.
VI. КЕЛИШИМДИН АРАКЕТИНИН МӨӨНӨТҮ
6.1. Ушул келишим ага кол койгон мезгилден баштап күчүнө кирет жана түзүлгөн күндөн баштап бир жылдын ичинде аракетте болот. Жана мөөнөттү аяктаганга чейин бир ай мурун тараптардын биринин ушул келишимден баш тартуу же аны кайра кароо тууралуу билдирүүсү келип чыкпаса жыл сайын узартылуучу болуп эсептелет.
VII. ТАРАПТАРДЫН ЮРИДИКАЛЫК ЖАНА ФИНАНСЫЛЫК ДАРЕКТЕРИ :
Директор Карабаев Адылбек
ИШКАНА «_Кыргыз – Ата булагы » Дареги: Көтөрмо айылы , Абдыраим кочосу
Эсептик эсеп-чот: 168009-3306-МП , код ОКПО 30028326 , ИНН : 00308201710168 БИК: 138012 Р.С. 1380002001037259 Колу : |
| АБОНЕНТ: Аты-жөнү _______________________________
Дареги: ______________________________ ____________________________________
Колу ____________________________ |
М.О.
Юридикалык жак менен суу менен камсыз кылуу кызматтарына
№_____ КЕЛИШИМ
Көтөрмо айылы . « » ___________ 2019-ж
Мындан ары «ИШКАНА» деп аталуучу «Кыргыз – Ата булагы » Суу менен камсыз кылуу муниципалдык ишканасы Уставдын негизинде аракеттенген башчы Карабаев Адыл бир жагынан жана __________________________________негизинде аракеттенүүчү мындан ары «Абонент» деп аталуучу _____________________________________ичүүчү сууну берүү жана керектөө тууралуу ушул келишимди түзүштү.
I. КЕЛИШИМДИН ПРЕДМЕТИ
1.1. Ушул келишимдин шарттарына ылайык ИШКАНА ичүүчү сууну жабдыйт, Абонент суу менен камсыз кылуу кызматтарын өз убагында төлөйт.
II. суу менен камсыз кылуу кызматтарынын наркы
2.1. Абонент ичүүчү суунун 1 куб.м ______ сом тарифи боюнча көрсөтүлгөн кызматтар үчүн эсеп-чотторду төлөөнү жүгүзүүгө милдеттенет.
2.2. Аткарылуучу кызматтар үчүн эсептешүүлөр Абонент тарабынан ИШКАНА эсептик эсеп-чотуна которуу же анын кассасы аркылуу накталай акча менен, аткарылган кызматтар үчүн эсепти алуу күнүнөн 10 банк күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.
2.3. Материалдарга, энергетикалык ресурстарга, эмгек акыга, салыктарга жана башка чыгымдарга чыгашалардын өзгөрүшү менен байланыштуу ичүүчү сууну берүүгө жаңы тарифтер киргизилиши мүмкүн. Тарифтердин өзгөрүшү тууралуу ИШКАНА Абонентке алар Айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин 5 сутканын ичинде билдирет.
2.4. Ушул келишим 20___ж. ________________ баштап 20___ж. ________________ чейин аракетте болот.
III. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ
3.1. ИШКАНА төмөндөгүлөргө милдеттенет:
a) Cууну берүүнүн бекитилген графигине ылайык Абонентти үзгүлтүксүз суу менен камсыз кылууга.
b) «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык регламенттин талаптарына ылайык ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын камсыздоого.
c) Абонент берген документтердин негизинде же сууну эсепке алуу шаймандарынын көрсөткүчтөрү боюнча суу менен камсыз кылуу кызматтарына жана сууну пайдалануу ченемдерине Айылдык кеңештин депутаттары бекиткен тарифтерге ылайык абоненттик төлөмдү эсептөөнү жана кайра эсептөөнү жүргүзүүгө.
d) ИШКАНА Айылдык кеңештин депутаттары жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик мыйзам чыгаруу актыларына ылайык бекитилген Сууну пайдалануу эрежелерине ылайык кызматтарды көрсөтүү сапатына жоопкерчилик тартат.
3.2. Абонент төмөндөгүлөргө милдеттенет:
a) Сууну пайдалануу эрежелерин, сууну пайдалануу режимдерин жана ченемдерин сактоого.
b) Суу ченөө түйүнү Абонент тарабынан ченемдик талаптарга ылайык эксплуатацияланат. Абонент суу ченөө түйүнүнүн шаймандарынын жана түзүлүштөрүнүн сактыгын жана оң болуусун камсыздайт.
c) Кыргыз-Ата булагы суу өлчөгүчтүн бузулушу жөнүндө өз убагында билдирүүгө жана ___ күндүн ичинде бузулган суу өлчөгүчтү алмаштырууга (оңдоого) тийиш.
d) Суу өлчөгүчтү жылына бир жолу текшерүүнү жүргүзүүгө. Өзүнүн эсебинен суу өлчөгүчтү, бузулган тээктерди алмаштыруу (оңдоо) боюнча ИШКАНА жазма буйруктарын өз убагында аткарууга.
e) Контролдук функцияларды аткаруу үчүн ИШКАНА өкүлдөрүнүн тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн камсыздоого.
f) ИШКАНАга төмөндөгү өзгөртүүлөр тууралуу маалыматты билдирүүгө: абоненттин аталышы, почталык жана банктык реквизиттер, суу менен камсыз кылуу шарттары ж.б.
g) Абонент анын балансында же аймагында турган тармактардын, курулмалардын, түзмөктөрдүн сакталышына жана эксплуатацияланышына жоопкерчилик тартат. Абоненттин балансында турган тармактарда, курулмаларда жана түзмөктөрдө авариянын кесепетинен имарат-жайдын суу менен капталышынан улам келип чыккан авариялардан келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат.
3.3. Эсепке алуунун тартиби:
a) Сууну көлөмүн эсепке алуу Айылдык кеңеш тарабынан бекитилген суу өлчөгүчтүн көрсөткүчтөрү же сууну керектөөнүн ченемдери боюнча жүргүзүлөт.
b) Суу өлчөгүчтүн көрсөткүчтөрү Абонент тарабынан ар бир айдын ____ числосунда берилет. ИШКАНА өкүлдөрү бекитилген графикке ылайык суу өлчөгүчтөрдүн ишин жана ИШКАНА берген сууну эсепке алуу шаймандарынын көрсөткүчтөрүнүн ишенимдүүлүгүн текшерүү боюнча контролдук рейддерди жүргүзөт.
c) Сарпталган суунун көлөмү суу түтүк киргизүүсүнүн өткөрүү мүмкүндүгү боюнча, анда1м/сек суунун кыймылынын ылдамдыгында жана суткада 24 саат ичинде анын толук кесилишинде төмөндөгү учурларда аныкталат:
- сууну эсепке алуу шайманында пломбанын бузулушунда;
- Абоненттин ИШКАНА өкүлүнө суу өлчөгүчкө мүмкүндүк алышын камсыздабаганда.
IV. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИГИ
4.1. Ушул келишим боюнча милдеттенмелерин аткарбоо же тийиштүү эмес аткарууда ИШКАНА жана Абонент Сууну пайдалануу эрежелерине, ушул келишимдин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
V. КЕЛИШИМДИ ТОКТОТУУНУН ТАРТИБИ
5.1. Өздүк демилге боюнча келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууда Абонент бул тууралуу ИШКАНАга бир ай мурун билдирүүгө жана алынган суу үчүн толук төлөөнү жүргүзүүгө тийиш.
5.2. ИШКАНА ушул келишимдин техникалык шарттарын аткарбоо жана көрсөтүлгөн суу менен камсыз кылуу кызматтарына төлөбөй коюу учурларында келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин сууну берүүнү токтотот.
VI. БАШКА ШАРТТАР
6.1. Ушул Келишимге карата бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор, эки тарап тарабынан жазуу жүзүндө таризделип жана кол коюлганда гана күчкө ээ болот.
6.2. Ушул Келишим боюнча талаштар сүйлөшүү жолу менен чечилет. Сүйлөшүү жолу менен чечүү мүмкүн болбогон учурда талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте сот тартибинде каралат жана чечилет.
6.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү, ар бир тарап үчүн бир нускада.
VII. тараптардын Юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
Директор КАРАБАЕВ АДЫЛБЕК
ИШКАНА « Кыргыз – Ата булагы » Дареги: Көтөрмө айылы . Абдураим кочосу Эсептик эсеп-чот : 168009-3306-МП код ОКПО 30028326 ИНН : 00308201710168 БИК : 138012 Р.С. 1380002001037259
Колу М.О. | Абонент ______________________________ Дареги:________________________________ ______________________________________ Эсептик эсеп-чот _________________________ ______________________________________ ______________________________________ Жетекчи__________________________ Колу ________________________ М.О. |
Кыргыз-Ата айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов