Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) он бешинчи сессиясы
2019- жылдын 20-июлу № 15-6
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына кошумча кенже тайпасын киргизүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына кошумча
кенже тайпасын киргизүү жөнүндөгү Көтөрмө айылынын тургундарынын 2019-жылдын 14-июнундагы № 1 протоколун туруктуу комиссиядакарап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына кошумча кенже тайпасын киргизүү жөнүндөгү Көтөрмө айылынын тургундарынын 2019- жылдын 14-июнундагы № 1 протоколу бекитилсин жана “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына кошумча кенже тайпасын ачууга макулдук берилсин.
2. “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына ачылган кошумча кенже тайпасынын материалдык-техникалык базасын чыёдоога ар тараптуу жардам берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына кошумча кенже тайпасын ачууга макулдук берүү жана каржылоону Республикалык бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы Ноокат райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү , инвестиция, курулуш, жол, транспорт, жана комуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |