Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-октябры № 37/3
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин 2019-жылдын 15-октябрындагы билдируусун угуп, Гүлчө айылынын жамааттарда өткөрүлгөн жыйындардын протоколдоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылындагы Парманас атындагы орто мектебинин жанындагы бош турган имаратка жаныдан бала бакча ачылсын.
2. Гүлчө айылындагы жаныдан ачылган бала бакчага көрүнүктүү ишмер Туман Сопиевдин ысымы ыйгарылып Туман Сопиев атындагы бала бакчасы болуп аталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Жээнбеков Д
|