Загрузка документа…
НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2019-жылдын 07-августу № XVII-1
Найман айыл өкмөтүнүн Ленин 1,2,3,4,5,6 көчөлөрүнүн жашоочулары үчүн таштанды таштоочу жай ажыратып берүү жөнүндө
Найман айыл өкмөтүнүн Ленин 1,2,3,4,5,6 көчөлөрүнүн жашоочулары үчүн таштанды таштоочу жай ажыратып берүү жөнүндөгү Найман айыл өкмөтүнүн жер,коммуналдык маселелер боюча башкы адисинин сунушун карап чыгып,Найман айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Найман айыл өкмөтүнүн Ленин 1,2,3,4,5,6 көчөлөрүнүн жашоочулары үчүн таштанды таштоочу жай ажыратып берүү үчүн сунушталган жерди жеринде барып көрүп чыгылды сунушталган жер аянты жайыт жерлерине кирендиктен, жайыт комитети менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлсүн.
2. Таштанды ташточу жайды куруу үчүн көрсөтүлгөн жер аянтын жайыт комитетинин төрагасы менен биргеликте мыйзам чегинде чечип, айыл тургундарынын маселесин чечип берүү жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысыны жана жер,коммуналдык маселелер боюнча башкы адисине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Найман айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ш.Эрматов
|