Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-июлу №98
Сулукту шаарынын аймагындагы курулуш куруунун нормаларынын жана архитектуралык талаптардын аткарылышы жөнүндө
Сүлүктү шаарынын аймагындагы курулуш куруунун нормаларын жана архитектуралык талаптарын аткарылышы боюнча шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы М Джуманованын, шаардык кенештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу”, “Шаар куруу жана архитектура” жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сулукту шаарынын аймагында курулуш куруунун нормалары жана архитектуралык талаптарынын аткарылышы боюнча шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы М.Джуманованын маалыматы кабыл алынсын
2. Шаардын мэри Р.Абдыназаровго, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы М.Джумановага :
- Өндүрүштүк жана социалдык структуралардын иш жүргүзүшүнүн натыйжасында калк жашаган пункттардын жана алардын системаларынын ресурстарынын сапатын начарлатууга жол берилбешин камсыз кылуу;
- калк жашаган пункттардын табигый жана техногендик таасирлерден коопсуз болушун камсыз кылуу;
- пландаштырылып жаткан иштин табигый чөйрөгө таасирин эске алуу;
- жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу;
- мыйзамдарда белгиленген нормаларга ылайык экологиялык, санитардык-гигиеналык талаптарды аткарылышын камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин
3. Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү мыйзамынын ченеминде архитектура жана шаар куруу эрежелеринин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү жагы шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин муниципиалдык менчик, курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Исмаилов |