Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) XXI сессиясы
2019-жылдын 16-июлу №99
Сүлүктү шаардык билим берүү тармагын көмүр менен камсыздоо үчүн 2224 статьясына шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 статьясынан 1000,0 ( бир миллион) сом акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Сүлүктү шаардык Билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылдын 12-июнундагы № 01-18/481 чыгыш сандуу Сүлүктү шаардык билим берүү тармагын көмүр менен камсыздоо үчүн 2224 статьясына акча каражат карап берүү боюнча кайрылган каты жөнүндө шаардык кенештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Сүлүктү шаардык кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2224 статьясына шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111 статьясынан 1000,0 ( бир миллион) сом акча каражатын жылдырууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго көзөмөлдөө жагы шаардын мэри Р.Абдыназаровго жүктөлсүн
Төрага | К.Исмаилов |