Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) XXI сессиясы
2019-жылдын 16-июлу №100
«Ынтымак» ясли балдар бакчасына 1 кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө
“Ынтымак” ясли бакчасынын башчысы Б.Р.Айтемированын 2019-жылдын 19-июнундагы №175 чыгыш сандуу «Ынтымак» ясли бакчасына 1 кошумча тайпа ачууга макулдук берүү жөнүндө катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелиндеги №92 “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ынтымак» ясли бакчасына 1 кошумча тайпа ачууга макулдук берилсин
2. Кошумча тайпанын ачылуусун уюштуруу жагы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Исмановго милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы шаардык мэрияга, көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык маселелер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар саясаты жана спорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К.Исмаилов |