Редакцияот 15.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кенешинин 6-чакырылышынын кезектеги 37-отуруму

 

2019-жылдын 15-октябры № 37/4

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала бакчалардын акча каражатын сураган билдирүүлөрү жөнүндө

 

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбектин 2019-жылдын 15-октябрындагы билдируусун угуп, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу мектеп, бала бакчаларга акча каражаттары бөлүнүп берилсин.

2. Тиешелүү акча каражаттарын мыйзам чегинде бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Жээнбеков Д