Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-августу №13
Барскоон айыл өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Жети-Өгүз райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитип берүү жөнүндө
Барскоон айыл өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Жети-Өгүз райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитип берүү жөнүндө Ж.Yсөнбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап айылдык кеӊештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Барскоон айыл өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Жети-Өгүз райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы келишим: «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби» жөнүндө келишим бекитилип берилсин.
2. Бекитилип берилген келишим боюнча мыйзам негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Yсөнбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Yсөнбаевге тапшырылсын.
Төрага | Н.Чекиров |