Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы №1
Ноокат шаар аймагындагы Кара-Турпак кварталынын, Жамий көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна жана Абдумаликов, Алимбаев көчөлөрүнүн асфальтынын техникалык көзөмөл кызматына акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ноокат шаар аймагындагы Кара-Турпак кварталынын, Жамий көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна жана Абдумаликов, Алимбаев көчөлөрүнүн асфальтынын техникалык көзөмөл кызматына акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ноокат шаар аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Жамий көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2019-жылдын бюджетинин 709 бөлүмүнөн 706 бөлүмдүн 3111 беренесине 445 813 (төрт жүз кырк беш миё сегиз жүз он үч) сом, Абдумаликов, Алимбаев көчөлөрүнүн асфальтынын техникалык көзөмөл кызматына 54 187 (элүү төрт миё бир жүз сексен жети) сом акча каражатын өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |