Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу №27-28/3
Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин акча каражатын жылдыруу жөнүндө
Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору К.Шазыдаевдин 2019-жылдын 24-апрелиндеги, кир№01-7/122 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туризм, спорт жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 22154900 (башка чыгымдар) беренесинен 31123290 (эмеректерди сатып алуу) беренесине 200 000 (эки жүз миӊ) сом акча каражатын жылдырсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча (Н.А.Баратова), туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |