Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу №27-28/4
Каракол шаарынын мэриясынын үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылдын 18-июнундагы кир.№01-7/213, Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын 2019-жылдын 26-июнундагы, кир№01-7/225 каттарын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), 700 000 (жети жүз миӊ) сом акча каражатын таап, Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесин өткөрүүгө кошумча каржылоо үчүн бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча (Н.А.Баратова), туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |