Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу №27-28/5
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга жана 2021-2022-жылдарга карата кирешелердин түшүүсү жана чыгашалар боюнча болжол жөнүндө
Каракол шаардык финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын 2019-жылдын 26-июнундагы, кир№01-7/226, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга жана 2021-2022-жылдарга карата кирешелердин түшүүсү жана чыгашалар боюнча болжол жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча болжолу 2020-жылга карата – 245 899,5 миң (эки жүз кырк беш миллион сегиз жүз токсон тогуз миӊ беш жүз) сом, 2021-жылга карата – 253 340,6 миң (эки жүз элүү үч миллион үч жүз кырк миӊ алты жүз) сом, 2022-жылга карата – 261 188,9 миң (эки жүз алтымыш бир миллион жүз сексен сегиз миӊ тогуз жүз) сом өлчөмүнө макулдук берилсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча (Н.А.Баратова), туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |