Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу №27-28/4
Каракол шаары боюнча жергиликтүү салыктар бөлүмүнө кошумча үч штаттык бирдик ачуу жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице мэри С.С.Өскөнбаевдин, 2019-жылдын 21-июнундагы кир.№01-7/217 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеӊешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаары боюнча жергиликтүү салыктар бөлүмүн үч кошумча штаттык бирдик менен толуктасын.
2. Каракол шаардык финансы башкармалыгы (Г.С.Толумбекова), Каракол шаары боюнча жергиликтүү салыктар бөлүмүндөгү үч штаттык бирдикти каржылоо үчүн акча каражаттарын таап, чыгаша сметасына өзгөртүү киргизүү менен берсин.
3. Каракол шаары боюнча мамлекеттик салык кызматы, Каракол шаарынын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчүн көбөйтсүн.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча (Н.А.Баратова), туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |