Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-июлу №27-28/7
Ж-1 зонасында уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүнү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун жана Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ш.Джумашевдин, Ж-1 зонасындагы жер тилкесин башкага которуу жөнүндөгү, 2019-жылдын 13-февралындагы, кир.№01-07/51 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж-1 (жеке турак жай курулуш) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаарындагы, Кутманалиев көчөсү, №135 дарегинде жайгашкан, аянты 630 м2 жер тилкеси, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктүү жана коммерциялык активдүүлүк зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн өзгөртүүнү киргизсин;
-бул токтомдо, көрсөтүлгөн объектти, максатту пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Б.Ж.Ибраев, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |