Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-июлу №27-28/10
Ысык-Көл областтык сот департамент башкармалыгынын имараттарын Каракол шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ш.Осмоналиевдин 2019-жылдын 24-июнундагы, кир.№01-7/224 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XХVIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. К.Тыныстанов №15, Жамансариев №136, Кыштобаев №70 даректеринде жайгашкан, Ысык-Көл областтык сот департамент башкармалыгынын имараттарын, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, аталган имараттарды Каракол шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга тийиштүү документтерди даярдасын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Т.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.А.Айсаракунов |